Menu

Бүгүн митинг болот

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-ноябрда Бишкек шаарында митинг өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты. Маалыматка ылайык, активисттер “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырык жасашмакчы.

Нааразычылык акциясынын жүрүшүндө митингчилер президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жасашат.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 31-октябрда Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда кабыл алган.

Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган. Аталган комитетте депутаттарга вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баяндама жасап, Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан, аларда кен казууга уруксат берүүнү сунуштады.

Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: