Антитеррордук полиция “Ислам мамлекети” террордук уюму менен байланышы бар 400дөн ашуун кишини кармады.
Атайын операция Түркиянын алты аймагында жүрдү. Франс Пресс агенттиги кабарлагандай, тинтүү учурунда айрымдарынан курал-жарак табылган. Тергөөнүн маалыматы боюнча кармалгандар теракт уюштурууга катышы болушу ыктымал. Алардын арасында чет өлкөлүктөр дагы бар, алар Түркиядан чыгарылат.
Түрк бийлиги жаңы жыл түнүндө Стамбул түнкү клубунда болгон терактан кийин коопсуздук чараларын күчөткөн. 39 адамдын өмүрүн алган кол салууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу өз мойнуна алган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ