Баткен шаарындагы “Муаз ибн Жабал” медресесине эки кабаттуу заманбап жатаканынын курулуш иши кызуу жүрүүдө. Учурда кыш мезгили болсо дагы курулчулар курулуш иштерин токтоткон жок. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Медресе мүдүрү Султанмурат ажы Исираевдин айтымында учурда куручулар жатаканын биринчи кабатын бүтүрүшүп, 2018-жылдын сентябрь айына чейин толук бүтүрүүнү пландалууда.
“Имарат ишке берилсе медресе студенттери үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Анткени жаткананын тардыгы жана жетишпестигинен улам аз сандагы студенттерди кабыл алууга мажбурбуз”- дейт Султанмурат ажы Исираев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ