Menu

Видео – Дастан Бекешов коронавируска байланыштуу тендерлерди токтотуп турууну сунуштады

Бөлүшүү:

“Дүйнөнүн 118 мамлекетинде коронавирус катталып жатат. Валюталык девальвация болуп жатат. Бул жумада биздин сом бир кыйла арзандады. Өкмөттүн кечээкидей иштегени жарабайт” – деп билдирди депутат Дастан Бекешов бүгүн, 12-март күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында.

Депутат экономикалык кризис келе жатканын айтып, Өкмөт экономиянын катуу режимине өтүшү керектигин билдирди.

“Биринчи бюджетти баланстап, экинчи, учурдагы жарыяланып жаткан тендерлерди артка кайтаруу керек. Аябай керектүүлөрдү гана өткөрүп, калганын токтото турса болот. Өкмөт кереги жок чыгымдарды токтотуп, үнөмдөө режимине өтүш керек” – деп билдирди.

Депутат Россия менен сүйлөшүп, төлөмдөрдү улуттук валюта менен жүргүзүүнү сунуштады.

“Эгерде биз доллар менен иштесек, биздин экономика көтөрө албай калышы мүмкүн. Жаратылыш газы, күйүүчү майлоочу майлар ж.б. доллар менен байланышканын билебиз. Доллардан кетиш керектигин айтып жаткан Россия менен катуу сүйлөшүп, төлөмдөрдү рубль – сом менен жүргүзүүнү айтыш керек” – деди депутат.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: