Menu

Өзбекстанда алтын кенин уурдаган эки киши кармалды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Жизак облусундагы Тангисай тоосунда мыйзамсыз алтын казып жүргөн эки киши кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

«Булакбаши айылынын 1995чи жана 1977-жылы төрөлгөн эки тургуну Тангисай тоосунда мыйзамсыз алтын казып жүргөнү аныкталды. Алардын жанында электр кыймылдаткыч, перформатор болгон. Ар биринен 10 килограммдан кен табылды», — деди мекеменин өкүлү.

Ушу тапта бул факты боюнча райондук ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Быйыл августта жергиликтүү маалымат каражаттары Навоидеги эски алтын кенинен 230 миллион сумга бааланган (23 миң долларга жакын) алтын уурдаган бир нече киши кармалганын кабалашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: