2015-жылы Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаев жана прокуратура кызматкерлери аркарды атып, сүрөткө түшүп, ал сүрөттөр социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынып, коомчулукту дүрбөткөн эле. Алтынбек Акимбаев кызыл китепке кирген аркарларды, тоо-текелерди атып, көңүл ачкан. Коомчулуктун ызы-чуусунан кийин аталган кызматкер кызматтан төмөндөтүлүп, Кызыл-Кыянын прокуратурасына кеткенин укканбыз. Кылган окуясы унуткарылды дегенби же колдогон кожосу күчтүүбү, айтор, Акимбаев кайрадан Кадамжай райондук прокуратурасына ишке кириптир. Албетте мындай адамдардын мыйзамды көзөмөлдөгөн органда иштөөсүнүн өзү мыйзамсыз. Башкы прокуратура тез арада бул боюнча иликтөө иштерин жүргүзбөсө болбойт. Же өздөрү кошумчабы?
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ