Албетте итке кыргыздын улуттук калпагын кийгизүү жаңылыштык. Балким ойлонулбай болуп калгандыр…
Мени кабатыр кылган нерсе башка… Ушул кызга наалат айткандар эмнеге чейрек кылымдан бери элди тентиткендерге, көптөгөн кыргыздын жашоо шартын ушул иттикинен дагы төмөн деңгээлге жеткиргендерге, башына калпак кийип туруп элине ушул итче пайдалуу боло албагандарга, ит кайтарган жерлерди жана кендерди башка өлкөлөргө ит бекер саткандарга, иттер калпак кийип көргөзмөдө ойноп жүргөн өлкөдө ар бир наристе 1000 АКШ доллары карызы менен көз жарып жатканына шарт түзгөндөргө мынчалык наалат айтпаган коомдун пайда болгондугу кабатырлантат…
Темирлан Сарлыкбек уулу
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ