Menu

Ирак бийлиги күрт референдумунун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылды

Бөлүшүү:

Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади күрт автономиясынын көз карандысыздыгы тууралуу референдумдун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылды. Добуш берүү жекшемби күнү Ирак Күртстанынын аймагында өткөн.

«Бул референдумду жараксыз деп таап, Конституциянын алкагында сүйлөшүүлөрдү баштоо зарыл. Биз референдумдун жыйынтыктары боюнча сүйлөшүүлөрдү эч качан жүргүзбөйбүз. Конституцияга ылайык, Күртстандын бардык аймактарында ирак мыйзамдарын колдонобуз», — деди Абади 27-сентябрда Ирактын парламент депутаттарынын алдында сүйлөп жатып.

Автономдук райондун шайлоо комиссиясы тарабынан жарыяланган добуш берүүнүн жыйынтыктарына ылайык, референдумга калктын добуш берүү укугуна ээ 72 пайызы катышып, алардын 92,7 пайызы автоном аймактын көз карандысыздыгын колдошкон.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, ал ортодо Ирактын парламенти Абадиге кайрылып, күрттөрдүн карамагындагы Киркук аймагына аскерлерди жөнөтүүнү жана андагы мунай кендерин көзөмөлгө алууну сунуштады. «Өкмөт Киркук аймагындагы кендерди Мунай министрлигинин көзөмөлүнө өткөрүшү керек», — деп жазылган парламент кабыл алган резолюцияда.

Түрдүү этностор жашаган Киркук району 2014-жылдан бери күрттөрдүн куралдуу пешмерга топторунун көзөмөлүндө. Анда ирак армиясы «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун жоочуларынын кысымына туруштук бере албай, аймактан чыгып кетишкен болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: