Сауд Арабиясына умрага барып, короновируска чалдыккан Сузактык 3 киши менен тыгыз байланышта болгон адамдардын саны 2 миңге жетти. Бул тууралу бүгүн, 18-мартта өкмөттүн брифингинде КР Саламаттыкты сактоо министинин орун басары Төлө Исаков билдирди.
“Жергиликтүү салт боюнча умрага барып келгендер менен көп адамдар: айылдаштары жана тууган-уруктары келип учурашат. Буларга да айылдаштарынын дээрлик баары келип жолугушкан. Биздин эсеп боюнча андай байланышкан адамдардын саны 2 миңге жетти. Баарын издеп таап, анализ алып жатабыз”, – деди Төлө Исаков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ