Menu

Мамбет Мамакеев, КРнын Баатыры: “Адахан сага айтам, Алмазбек сен ук!”

Бөлүшүү:

Мен өтө сыйлаган, урматтаган, жөнөкөй, адамгерчиликтүү, таланттуу мамлекеттик ишмер, сөз тапкыч чечен (оратор), өз ишин мыкты билген, башы менен тили шайкеш келген балдарымдын бирисиң. Сен өзүң бир топ эле мамлекеттик жоопкерчиликтүү кызматтарда иштедиң. Кыргыз элине кылган эмгегиң бар.

Бирок менин оюмду билесиң да? Билсең дагы өзүмдүн оюмду айта кетейин. Сага, күч-кубатыңа, ишмердүүлүгүңө ылайык бир республиканы өзүң башкара турган ишке негедир жете албай жүрөсүң. Кыргыз эли сени билет, сыйлайт, урматтайт. Бирок жогору жактан колдоо бербей келе жатат. Себеби, мен дарыгер-хирург «специалист» катары койгон диагнозум, сенин күнөөң – бул сенин тилиң (тилиң өтө курч, менин скальпелимден да курчураак). Сен билгениңди, ким болбосун, өңүнө-жүзүнө, даражасына карабай, түз ок аткандай айтасың. Өзүң деле билесиң, мындай адам кээ бир кишилерге жакпайт. Менин деле бир топ жерим сага окшоп кетет. Мени сактаган – бул менин кесибим хирургия.

2019-жылдын 2-июлунда, телевизордон сенин сүйлөгөн сөзүңдү толугу менен уктум. Мааниси ушундай экен: Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков жөнүндө. Ушул экөөнүн ортосундагы эрегишүүдө интеллигенция, аксакалдар, академик, баатырлар, эл жазуучулар, эстүү-баштуу инсандар өз ойлоруңузду айтсаңар, алыс кете элегинде дедиң. Менимче, булар алыс кетмек турсун, точкасына жетип тынды. Себеби, телевизордон көрүп жаттык. Бул жолу укмуш документалдуу фильмди көргөндөй эле болдум.

Адахан, менин түшүнүгүм, депутаттык комиссия, Башкы прокуратура Алмаздын бүт шектүү болгон күнөөлөрүн бир нече жолу текшерип, тактап, тастыктап туруп чечимин чыгарып, андан кийин колтийбестигин алып, Башкы прокуратурага мыйзам чегинде карап чыгууга жөнөттү. Анан эми биз кандайча көпүрө боло алабыз? Кеч болуп калган жокпу?

Менимче, мынча ачыкка чыгарбай, алдын ала аракет кылып, басып койсо болмок беле, ким билет? Азыр кыргыз эли эмес, бүт дүйнө билип калды. Биздин аракет, бул экөөнө жагабы, макул болобу, жокпу, бул дагы чоң суроо:

Сен сурадың, оюңарды айтсаңар, деп. Мен республикада бирден-бир 92 жаштагы аксакал катары өз оюмду айтайын.

Мен экөөнү көп жылдардан бери билем. Алмаз Атамбаевден баштайын. Алмазды көп жылдардан бери билем, чогуу депутат болгондон тартып. Экөөбүз сен-мен деп көрүшкөн эмеспиз. Бири-бирибизге мамилебиз түзүк эле. Мени Мамбет ава деп, мен Алмазчик деген сөздөн башка сөз жок эле. Бирок, ошондо байкап калгам. Анын активдүү депутат катары, бир адамга жакшы сөз айтканын уккан жокмун. Ар дайым бирөө менен кармашып жүргөнү жүргөн. Менин байкашымда кээ бир адамдарда болот, туулгандан өлгөнгө чейин бирөөгө жакшылык ойлобогон, ар дайым издегени жаманчылык, мунсуз жашай албайт. Көнгөн адам бул кесибин таштап койсо, анда ооруп калат. Мындай адамдардын көбүн билем. Ошентип, дайыма кармашып жүрүп, өзүнө ылайык шайкаларды түзүп, эки төңкөрүш жасады.

Төңкөрүштүн бирден-бир жетекчиси Алмаз болду. Ошон үчүн азыр мактанып жүрбөйбү: «Эки революцияда эки президентти куудум», – деп. Кайдагы революция? Революция деп жөнөкөй эл жүрдү. Тигилердин максаты болсо – бийликти басып алуу. Менин эсимден кетпейт. 2010-жылдын 7-апрелинде бизге Улуттук хирургия борборуна 70 атылган баланы алып келишкен. Муну пендеге бербесин. Мындай трагедияны врач болуп туруп көргөн жок элем. Бир заматта больницанын короосуна, коридорго атылган балдардын денеси, кызыл жайылган кан, ичегиси чубалжыган, туугандарынын ызы-чуусу, кыйкырык, өкүрүк толтура машина… Ошолорду карап туруп, өзүм башында туруп, 8 операциялык столубузда бүт хирургдарыбыз, медсестраларыбыз, бирөө да кетпей, күн-түн дебей турдук, тынымсыз операция жасадык. Төрт баланын өлүгүн алып келишти. Дагы жүрөккө ок тийген экөө операциялык столдо калды. Өтө көп жарадар болгондуктан, 64 баланын өмүрүн сактап калдык. Эртеси саат 10дон кийин Р. Отунбаева, Т. Сариев келишти. Ошондо күнүгө ок жеген балдарды карап жүрдүм. Обход кылып жүрүп сурасам, көпчүлүгү эч жерде иштебегендер. Менин деле кээде, кези келгенде, сага окшоп тике айтып салам. «Ой бала, ал жакка эмнеге бардың? Эмне издеп бардың? Барып, көргөнүң мына, ок жеп, кыйналып жатасың», – деп сурасам: «Агай, жаңылдым, алдандым, ок атыларын билбей эде бардым эле», – дейт. Мыйдан башка канча мародерлук болуп, талкаланып, уурдап-тонолуп, мамлекетке чоң зыян келтирилди. Эми ушуну эстүү-баштуу кишилер ойлонуп, ушунун барына ким күнөөлүү, деген суроо келип чыгат. Ошол уоа-кыттагы төңкөрүш жасаган, балдар-ды козутуп коюп, эмне бодсо ошол бодсун деп ээн таштап койгон А. Атамбаев баш бодуп, күнөөлүү. Бул өлгөн балдардын ата-энесине, тирүү калгандарына канчалык убал болду. Мародерлор жасаган зыяндарга, Ак үйдүн эле ремонтуна миллиондогон мамлекеттин, элдин акчасы кетти. Менимче, ушул кеткен чыгымдар уюштурган адамдардын чөнтөгүнөн каржыланса туура болмок. Эми менин таң калганым, ошол төңкөрүштү ишке ашырган жөнөкөй эл эч нерсеси жок калып, уюштургандар, алардын желдеттери анын пайдасын көрүүдө.

Ошончо адамдын өмүрүн сактап калган врачтарга, хирургдарга рахмат деп койгонго жарашкан жок. Эми А. Атамбаевдин мөөнөтү бүтүп, С. Жээнбековго президенттикти берди. Көргөн эл ыраазы эле болуп турдук. Ушунчалык мактап, жалгыз ишенген, президентке жарай турган накта кесиптешим деп, шайлоодо чоң жардам кылган. Муну унутуп коюуга болбойт. С.Жээнбековдун инаугурация убагында мен да катышып калдым. Жусуп Жээнбеков экөөбүз катар отуруп калыптырбыз. Ошондо да элди таң калтырды го. Бири-бирин өбүшүп, кучакташып, чын досум, деп. Бири-бирине укмуш каалоолорду айтып, Алмаз улам-улам суу ичип турду. Мен Жусупка доктурлук көз менен байкап туруп: – Бул Алмаз тез-тез суу ичкенине караган да, кечээ катуу кетсе керек, бул адамдын чын пейили менен зыпылдап жатышына мен ишенбей турам, дедим. Ошону менен бүттү. Ойлоп калдык, А. Атамбаев өзгөргөн экен деп. Бул жолу өзү макулдугу менен өткөзүп берди деп. Буюрса, оңолот экенбиз, элибизде тынччылык, бири-бирин урматтаган жакшы заман келет экен деп ойлоп калдык.

Анан эмне болду? 2-3 ай өтпөй уга баштадык, буларды кудай урду, чатакташа баштаптыр деп. Анан чатактары ачыкка чыгып, чындык болуп чыга баштады. Көрсө, Алмазбек Атамбаев жаңылып калыптыр Сооронбай Жээнбековду Президент кылам деп. Өзү сүйлөбөдүбү «Мен бул адамды жанымда 25 жылдан бери алып жүрүп, мындай акмакты билбепмин,» – деп. Эми Сооронбайды ушунчалык шылдыңдап, жамандап, ачык эле телевизордон акмагын чыгарып жатат. Менимче, азыр түшүнүп жатат. Ойлосо керек, «мындай «немени» президент кылып алсам, анан өзүм жатып алып, мурункудай бийлик жүргүзүп, өзүм башкара берем,» – деп. Бул жерден Алмаз чоң жаңылды, Сооронбай акылдуулук кылып, мунун айтканына макул болбой койду. Себеби, Сооронбайдын дагы өзүнүн башы, өзүнүн идеясы бар, иш билгендиги жагынан бүт этаптарды басып келип, Алмаздан баардык жагынан жогору болуп чыкты. Муну бүт эл көзү менен көрүп жатат.

Менин оюмча, врач катары байкоомдо, А. Атамбаев – бул оорулуу адам. Мен 2010-жылы Р. Отунбаева Президент болуп турганда айттым эле, жазып дагы бердим эле. «Бул адам нейропсихически оорулуу болушу мүмкүн, байкаңыз» деп.

Р. Отунбаева кыңк эткен эмес. 2016-жылы борбордук аянтта А. Атамбаев Р. Отунбаеваны легитимсиз президент болгон деп, шылдың кылган, аягында кууп чыккан. Мен кийин Розага кезигип, Атамбаев ырас кылды сени, дедим. Унчуккан жок. Эми Роза сүйлөй баштады, Алмаз жөнүндө.

А.Атамбаевдин азыркы жасап жаткандарын бүт эл көрүп жатат. Ушу дени сак кишинин, 6 жылдан бери республиканы башкарып келген кишинин жасаган иштерин кара. Эчтекеден эчтеке боло электе үйүнө кээ бир айылдаштарын, мурунку, кийинки өзүнүн шайкаларын чогултуп, железобетон блокторду тосмо кылып, бука союп, бата кылып, сүйлөбөгөндү сүйлөп, машина менен таш түшүрүп жатат.

Жогорку Кеңештин 120 депутатын жалпы эл шайлаган, булар да колунан келишинче иштеп жатышат. Арасында улгайган, элге эмгеги сиңген министр, аким, губернатор болгондор бар. Эки-үч жолуктум, эми ушулардын баарын «чимкирик» деп шылдыңдады. Бул эмне деген кемсинткени? Муну дени-мээси соо адам эч качан минтип айтпайт. Бизде, медицинада психикалык оорулардын бир түрү бар. Бул оору менен ооруймун деп доктурга барбайт. Бул оорунун аты – «мания величия» деген. Бул оору менен ооруган адам, өзүн-өзү башка адамдарга караганда өтө акылдуу, күчтүү, айткан кебинин баары, тантыса дагы, башкаларга өтө маанилүү сезилип турат. Бул оору Алмазда бар. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаттарын чимкирикке теңегени. Дагы бир мисал, ЖК төрагасы Д.Жумабековго айткан сөзү. Менин ачуум келсе, 200 киши менен барып, баарыңарды көчөгө кууп чыгып салам, дегени. Дагы айтып жатканы «бул сотко, сотуңарга барбайм. Кокус келип кармап алып кетем деген балдарга убал. Менде табелдик именной куралым бар, ошону колдонуп, жатып өлгөнчө атышып өлгөн жакшы», – деп. Балдар деле өз милдетин аткарганы барат да.

Экинчи жагы, менин оюмча, азыр Алмаз өзүнүн күнөөсүн сезип, чочуп турат. Тиякка барып сурак берип, азап тарткыча деп.

Ошол өзүнүн куралын өзүнө колдонуп койсо, түзүк болор эле. Дагы айтканы, мен бир нече жолу уктум, мен эч кимден акча жана башка пара алып көргөн эмесмин, менде эч күнөө жок, кудайдын алдында акмын. Мен бир гана кудайдан корком, калган каңкылдаган, какшаган жамандарга макул эмесмин, урдум деп. Андай ушунчалык өзүнө ишенсе, таза болсо, эмнеге элди чогултуп, аларды күн-түн дебей үйүнө багып, кармап, ошолордун артына жамынып жатат дейм да? Андай ак болсо, мыйзам баарыбызга бирдей деп, өзү бир нече жолу кайталап айткандай, күчкө салдырбай, ызы-чуусу жок, элди бузбай, дүрбүтпөй, барып, койгон доолоруна жооп берип, баса бербейби дейм да. Менимче, анте албайт.. Анткени күнөөсүн өзү билет. Комиссия, прокуратура аныктаган. Ошон үчүн ушундай мыйзамсыз иш жасап жатат го.

Мен билгенден, күнөөлүү киши мыйзамды урдум, сот-мотуңду урдум, билгенимди кылам, мени элим коргойт деп, туугандарга, жердештерге ишенип, жатып алып, кутулуп кеткен адамды уга элекмин. Андай болсо, эч ким жоопко тартылбайт эле го.

Эми Адахан сага суроо. Макул, биз баарыбыз кошулуп, аракет кылып, ынтымакка чакыралы. Ушунча күнөөсүн топтоп, мойнуна коюп жатса, парламент, прокуратура макул болобу? Болсо дагы сени, канчалаган жактоочуларды мышыкча аңдып турган адамдар көп. Алар эртеси эле ушундай кылмышкер адамды канча оор күнөөлөрүн таап, мойнуна салган адамды ушундай дежурный чалдар, акмактар жардамдашып, бошоткону аракет кылып жатат деген доо коюшат. Бүгүн мен ишенем, себеби биздин элдин бир топ катмары бузулду. Бузулган Убактылуу өкмөт башчылары чогуу ичип-жеген, кучакташып, өбүшүп бирге жеп, бирге бөлүшүп, өмүрлүк дос болуп жүрүп, кийин кылт эткенде достугуңду урдум деп, баарын унутуп, бири-бирине душман болгондорду.

Буга мисал катары А.Бекназаров жөнүндө айтсам. Бул адам менен жакындыгым болбосо дагы, саламыбыз бири-бирибизге түзүк. Мен билгенден күрүлдөгөн, ичинде каткан эчтеке жок, ачык-айкын, билгенин ачык айтып жүргөн бакылдаган түзүк адам болсо керек. Ушул кишинин эки томдук китеби чыгыптыр, мага атайын берди. Толугу менен окуп чыктым. Көпчүлүгү чындык, көргөнүн, өзү аралашып жүргөн окуяларды жазган. Эсимде калганы, А. Атамбаев менен экөө абдан жакын дос экен. Сооронбайга окшоп, көп жерде Атамбаевди досум, сага эмне болду, менин айылдагы үйүмдө болуп, конуп, түнөп, энемдин колунан даам татып, батасын алдың эле деп. Анан туалетте мас болуп, кусуп-чычып, уктап калганын да жазган экен. Мына, чыныгы достук.

Эми Сооронбай Жээнбеков жөнүндө. Бул адамды дагы көп жылдар бою билем, чогуу депутат болгондон тартып. Бири-бирибизге саламыбыз түзүк, сен-мен деген жокпуз. Менин байкашымча, Сооронбайдын баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү, сөзүнүн мааниси, берген суроолорго жооп бергени, ишмердүүлүгү түзүк. Баарынан жакканы – Президент болгуча бүт этапты басып келгени. Атамбаев айткандай, колхоздун башчысынан баштап. Менин таң калганым, ушунча жыл, көп жерде иштеп жүрүп, бир дагы «шайкага» кошулбаганы. Өтө таза адам экен.

Мына 1,5 жыл Президент болуп иштеп жатат. Менимче, ийгиликтүү, активдүү, иш билген. Жакшы аракет кылып иштеп жатат. Айрыкча жакканы, бул күнгө чейин айылга көп көңүл бурулбайт эле, бул адам айылдын турмушун жакшы билип, көп көңүл буруп жатат. Буюрса, айылдын иши, турмушу, жолдорунан баштап өзгөрө баштады. Бул да болсо айылда чоңоюп, айылдагы элдин турмушун, жашоосун билгендиктен чыкса керек. Менимче, Сооронбайдын күнөөсү жок. Себеби, Сооронбай Атамбаевди кандай салт менен өкмөттөн эмне керек болсо, бүт берип узатты эле. Мындай болору Сооронбайдын түшүнө дагы кирбесе керек. Себеби, угушумда Атамбаев үйүнө чакырып алып, ушундай тескери, өзүнүн жаман оюн ачыкка чыгарып, мен айтканды жасайсың деген приказ бериптир, деп уктук. Угуп отуруп, Сооронбай адам да, өзүнүн ою бар, өзүнүн идеясы бар, ишти Атамбаевден артык билсе, өзүнө-өзү, билимине, күчүнө ишенсе, жалпы кыргыз эли шайласа… Эмне үчүн президент болуп туруп, Алмаздын жатып алып приказ берип, мен айткандай иштейсиң дегенге макул болбоду? Эми бул айбанчылыкка кантип чыдайт, кантип ошонун айткандарын аткарат? Бул эми адамга, кудайга да жараксыз буйрук го. Мен билгенден, мына ушундан тартып Сооронбай «жок, сен айткандай болбойт. Мен сиздин буйругуңузду аткара албайм» дегенден тартып, Атамбаев ачыкка чыга баштады. Сооронбайды жамандап, «бул Бакиевдин жолуна түштү» деп.

Менин оюмча, Атамбаев өмүр бою чатактын ичинде. Алмазга улуу ага катарында кеңеш берер элем: «Укпасаң дагы Алмаз, сен кайра төрөлүп келсең дагы, анча-мынча туугандарыңа, өзүңдүн жанжоокер шайкаңды чогултсаң дагы, канчалык ишенсең дагы, баягы Атамбаев боло албайсың. Болом деген күндө дагы сенин айтканың жөн аткарылбайт. Жүрүп отуруп өзүн эле уят болуп, эл журттан чыгып каласың. Азыр жанагы тегерегиңдеги, күн-түн дебей, жаныңан чыкпай кайтарабыз, коргойбуз дегендер сенин байлыгың, берген акчаң түгөнөөрү менен бир жерин көрсөтүп, качып жоголот. Буга менин доктурлук көзүм жетип турат.

Адахан сага кеңеш, тынчыдык, оңолдук го деп ишеним пайда болуп калды эле. Жок, эрте ойлонуппуз. Бул адам аман-эсен турганда республикада, кыргыз элинде тынчтык болбойт. Себеби, бул адам өмүр бою ушундай чатак менен келе жатат. Минте албаса, бул оорудан өзү кутулат. Кыргыз элин тынч жашатам десе, өзү айткан, ишенген куралын колдонуп койсо түзүк болоор эле.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: