Menu

Министр Улан Ниязбеков Тажикстандын ИИМ башчысы менен коомдук тартипти жөнгө салуу маселелери боюнча телефон аркылуу бир нече жолу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков Тажикстан Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Рахимзода Рамазон Хамро менен телефон аркылуу Баткен облусундагы абалды турукташтыруу, чек араша чектеш аймактарда коомдук тартипти жөнгө салуу, ар кандай тартип бузууларга жол бербөө, учурдагы кырдаал мамлекеттик деңгээлде турукташтырууга багыт алып бара жаткан кезде коомдук тартипти биргелешип сактоо, жарандардын коопсуздугун сактоодо кыргыз жана тажик милициясынан турган кайгуул күзөттөрүн уюштуруу, ар бир жарандын укуктары менен коопсуздугун сактоо маселелери боюнча бир нече жолу сүйлөшүп, биргелешип коомдук тартипти сактоо маселелери боюнча бир пикирге келишти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Андан сырткары Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков Тажикстан Республикасынын ИИМинин Согди областы боюнча башкармалыгынын начальниги, милициянын генерал майору Абдулло Навджувонов менен жана ошондой эле Бободжон-Гафуров, Исфара -1, Исфара-2, Дж.Расулов, Канибадам райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери менен да телефон аркылуу байланышып, чек арага жакын аймактардагы абалды турукташтыруу, коомдук тартипти сактоодо биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана эки өлкөнүн тең жарандарынын коопсуздугун сактоо багытында байма-бай сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, алар менен абалды турукташтыруу боюнча бир пикирге келе алышты.

Учурда бул багытта да иш-чаралар жүрүүдө.

Андан сырткары Улан Ниязбеков Баткен облусундагы ички иштер органдарынын, ички аскерлердин коомдук тартип сактоодогу бардык аракеттерин координациялоодо.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: