Бул тууралуу 24-октябрда Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында “Бишкексууканал” башкармалыгынын башчысы Бакытбек Дүйшенбиев маалымдады.
Ал коммерциялык максатта: автожуугуч, сауна ж.б. боюнча юридикалык тараптардын бардыгына эсептегичтер коюлганын белгиледи.
“Батирлер менен жеке үйлөргө орнотуу иштери жүрүп жатат. Көп кабаттуу үйлөрдө 60 % коюлду, жеке үйлөрдө – азырынча 2%ы гана”, – деди ал.
Б.Дүйшенбиевдин айтымында, азыркы тапта ишканада 1 миң 480 км суутүтүктөрү жана 720 км канализациялык түйүндөрү бар экен.
“Түйүндөрдүн 80%ы эскирди. Азыр 3,6 км аралыкты оңдоп жатабыз. Шашылыш түрдө 500 км оңдоого муктаж. Суу менен камсыз кылуу менен канализацияны тобокелге сала албайбыз. Жаңы баалар системаны толук жүзөгө ашырып турганга мүмкүнчүлүк берет”, – дейт ал.
Эскерте кетсек, мэрия сууга карата жаңы баалардын долбоорун иштеп чыккан. Ал документ эми талкууга коюлат.
Мэрия 1 куб ичер суунун баасын калк үчүн 1,5 эсеге көтөрүп жатат (5,38ден 8,1 сомго чейин). Мындан тышкары бүджеттик мекемелер үчүн баалар да кымбаттайт – 7,38ден 9,1 сомго, башка пайдалануучуларга – 9,15тен 13 сомго (1,4 эсе) чейин.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ