Menu

Журналисттик кесип тууралуу кызыктар

Бөлүшүү:

Кабарчылар ар дайым ыкчам аракетте акыркы мүнөттөр боюнча алдыда жашашат

Жаңылыктар дүйнөсү мүнөт сайын өзгөрүүлөргө туш болгондуктан, өзүнүн жашоосу менен жашайт эмеспи. Ошондуктан кабарчылар даярдап жаткан макала, интервью, жаңылыктар актуалдуулугун жогото электе элге даяр түрүндө «ысыгында» тартылышы керек.

Журналисттер ар тараптуу инсандар

Көпчүлүк журналисттер ар түрдүү жанрда, ар кандай темада материал даярдашат. Анан да бир эле учурда бир нече ММКларда иштеген журналисттер бар. Бул деген адамды ар кандай чоочун шартка көнүп кетүүгө, жумушунда болгон көйгөйлөргө токтоолук менен мамиле кылганга үйрөтөт.

Журналист калкы сынды көтөрө билет

Айтылып жаткан сындар кабарчы үчүн жаңылык эмес. Эң жогорку деңгээлде мыкты даярдалган макала дагы кимдир бирөөгө сөзсүз түрдө жакпай калат. Кааласаң да, каалабасаң да сын уга берсең, адамда ага каршы «иммунитет» пайда болот да, нервди козгогон факторлор жана сындарга терикпей, лоялдуу мамиле кылганга үйрөтөт.

Эң кыйын сынчылар – журналисттер

Ар бир журналист өзүнүн материалы үчүн толугу менен жооптуу болот. Бул бир жагынан журналистте сыймыкты жаратат, ошону менен бирге өзүнүн үстүнөн кайра-кайра иштөөгө алып келет.

Журналисттер кагылып-согулат

Журналисттер алгач кандайдыр бир бийиктиктерди багынтууга чейин бир нече жолу редактору тарабынан кагылып-согулууларга дуушар болот. Антпесе ийгиликке жетүү кыйын. Материалдар чабылып-кесилип, оңдолуп-түзөлүп далай сындан кийин анан чийки абалдан бышкан абалга жетет. Жогору жактын купулуна толуу үчүн журналисттердин көп эле мээнети кетет.

Журналисттердин көбү мырзалар

Дүйнөлүк статистикага таянсак Америкада гезиттин башчыларынын 79%ын эркектер түзөт. Ошондуктан аялдар үчүн америкалык журналистикада кыйыныраак. Ал эми Орусияда тескерисинче, журналистиканы кесип кылган айымдар 80%ды түзөт. Кыргызстан боюнча алсак, 45% айымдар, калганы мырзалар.

Алар өз карьерасын күн сайын тобокелге коет

Иликтөөчү материалдар менен алек болгон журналисттер ири компаниялар жана чириген байлардын былыктарын ачыктоодо өз карьерасын, өмүрүн бычактын мизинде кармашат.

Журналисттер дайыма өсүп, өнүгүп турган катмар

Журналистика ММКларга тийиштүү болгон чектелген рамкадан эчак чыккан. Көпчүлүк басылмалардын өз сайттары, фейсбук, инстаграм, телеграм, твиттер сыяктуу эл менен тыгыз байланышта болгон социалдык тармактарда өз баракчалары бар.

Атаандаштыкка эң күчтүү сфер – журналистика

Замандын талабы менең эң алгачкылардан болуп элге жаңылык жеткирүү кыйын. Анан да элдин күрөө тамырын кармай билип, коомчулукта болуп жаткан негизги көйгөйлөрдү алып чыгуу журналисттин милдети.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: