Бүгүн, 1-май саат 09:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Белгиленгендей, түндө кыргыз-тажик чек арасында атышуулар болгон жок.
Мындан тышкары, Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташты. Жака-Өрүк тилкесиндеги Ош – Исфана жолу, ошондой эле Төрт-Көчө аймагындагы унаа жолу тазаланып, ачылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ