Menu

Кечээги митинг “разминка” болдубу?

Бөлүшүү:

Ала-Тоо аянты көптөн бери кечээ күнү митингдин жүзүн көрдү. Кытайлыктардын көбөйүшүнө каршы уюштурулган митингди митинг деп атоого да болбой калды. Митингдин көркүн чыгарган мурунку саясатчылар экенине дагы бир жолу ынандык. Кечээ күнү чогулган элдин алдында Текебаев, Эшимканов, Бекназаров, Сариев, Отунбаева, Мадумаров, Бабанов сыяктуулар жүргөндө башкача митингди көрмөкпүз. Кытайлардын мыйзамсыз жүргөндөрүнө каршы митинг болбой эле, аламан улакка келишкендей болуп, ар кимиси ар кайсыл теманы чулдуруктап жатышты. Митинг өткөзүүнүн маданияты дагы өлүп бараткандай туюлду. Бирок, митингдин аягында азыркы бийлик Ак үйгө каршы чыккандарга кандай реакция кылат болду экен деп сыноо болгону ачык эле көрүндү. Кыйкырык сүрөөндүн ичинде Ак үйдү басып алабыз деген үндөр жөн жеринен чыкпады. Бийликти кулатууну көздөгөндөр алгачкы “разминкасын” жасап көрүшкөнүн ачыктап коюшту. Кийинки митингдерде ачык эле “Жээнбеков кетсин” деген ураандар айтылышын күтө берсек болчудай.

Бул коңгуроого бийлик азыртадан өз камын көрө бериши керек. Бул митингдин артында ким турат?-деген собол жаралбай койгон жок көпчүлүктө. Башкалаада 6-январь жана 17-январда өткөн Кытайга каршы митингдердин жасалма табияты ачык эле көрүнүп калды. Мекендин стабилдүүлүгүнө коркунуч туудурган аракеттердин артында ким турганы деле белгилүү. Жок туугандар, бул мурунку президент деле эмес. Ал кырдаалдан пайдаланган жөн эле пассажир. Улуттук кызыкчылыкка балта чапкандар чет өлкөдө. Союздаш Россия менен Казакстан биздин мамлекет алардан алыстап, Кытай менен жакшы болуп, темир жол курулганына карамандай каршы. Биз аркылуу жол салынган күнү он миллиарддаган агым биз жакка оойт, Өзбекстан дагы казактарга эмес, бизге көз каранды болуп калат. Кытайдын Орто Азияда күчтөнүшүн эч ким каалаган жок. Ошол эле Батыш мамлекеттери да кызыкдар болгону чын. Азыркы технологиялар (WhаtsаAрр, Fасеbоок,) миң километр алыстан ызы-чуу чыгарууга, жалган фейк маалымат жана пропаганда жайылтууга мүмкүнчүлүк ачты. Ошондуктан, дагы бир жолу кыргыз элибизге эскертебиз. Кайдагы телефондон аккан анонимдуу калптарга берилип, аны кайра таратууну токтотолу!

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: