Menu

Сирияда жана Иракта аскердик даярдыктан өтүп келген Кыргызстандык террористтер соттолду.

Бөлүшүү:

Баткен областтык сотунун коллегиясы, буга чейин КР МУКК тарабынан кармалган ЭТУ (Эл аралык террористтик уюм) мүчөлөрү «М.Т.Т.», «С.К.М.» жана «Р.А.М.» карата чечим чыгарды. Бул туурасынды МУКК пресс-кызматынын билдирүүсүндө айтылууда.

Алар КР Кылмыш-жаза Кодексинин 27-168, 375, 241, 346, 350 жана  299-беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо жолу менен күчөтүлгөн режимдеги колонияга 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыкты.

КР МУКК органдары өткөзгөн контртеррористтик иш чаралардын алкагында Кыргызстандын аймагында ЭТУ террористтик тобунун ишмердүүлүгү алдын алынган. Бул топтун катарына Сирия жана Иракта аскердик даярдыктан өтүп, Кыргызстанда террордук актыларды уюштуруу максатында кайтып келген КР жарандары «М.Т.Т.», «С.К.М.» жана «Р.А.М.» кирген.

Кармалган ЭТУ мүчөлөрү жашаган жерлерде жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнүн далилдери: “Калашников” автоматы, гранаталар, ар түркүн калибрдеги ок-дарылар, террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана байланыш каражаттары табылган.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: