Бишкекте бир нече коомдук уюмдардын өкүлдөрү итке кыргыздын калпагы кийгизилген көргөзмөнүн уюштуруучуларына айып пул салууну талап кылышты.
«Кыргыз эл жаштар кеңеши» коомдук бирикмесинин төрагасы Алмазбек Жазыбаев нааразы болгон жарандар адвокат жалдап, президентке, премьерге жана парламентке кайрылуу жолдоого даярданып жаткандыктарын билдирди. Айтымында, митинг катышуучулары көргөзмөнүн уюштуруучулары кечирим сурап, айып пул төлөшү керек деп эсептешүүдө.
«Мен айылдан шашып келдим. Ал жакта интернет жок, бирок баары эле ушул жөнүндө айтып жатышат. Бул окуя бизди өтө капалантты, ак калпак үчүн жүрөгүбүз ооруп жатат. Калпак бизге ата-бабаларыбыздан калган. Биз үчүн ал ыйык», — деди Жазыбаев.
Активисттердин митингине Бишкекте өткөн иттердин мода көргөзмөсү себеп болду. Анда дизайнерлердин бири итке кыргыздын калпагын кийгизип чыгарган. Ошол эле маалда көргөзмөгө катышкан иттерге башка улуттардын дагы кийимдери кийгизилген.
Кыргызстанда бул өңдүү улуттук баалуулуктарды басмырлоо окуясы эки жыл мурда дагы болгон. Анда «Кумтөр» ишканасынын кызматкери, Британиянын жараны Фейсбукка сүрөт жайгаштырып, андагы чучукту аттын жыныстык мүчөсүнө салыштырган пикирин жазган. Буга нааразы болгон ишкананын миңдеген жумушчусу иш таштап, британ жараны өлкөдөн шашылыш чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Кийин ал бул кылганы үчүн кыргыз элинен кечирим сураган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ