Menu

Каракол шаардык соту жаңы форматта иштеп баштады

Бөлүшүү:

Соттордун имараттарын тиешелүү түрдө  инфраструктура менен камсыз кылуу сот ишинде маанилүү ролду ойнойт жана ошону менен бирге сот адилеттигин жүзөгө ашырууда таасирин тийгизет. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

«2014-2017-жж. аралыгында Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү»  Мамлекеттик максаттуу программасы боюнча аткарылып жаткан иш-чаралардын алкагында Каракол шаардык сотунун имаратында кайра пландоо иштери жүргүзүлдү. Башкача айтканда, бардык соттордун жана аппарат кызматкерлеринин кабинеттери (сот залдары ичинде соттор үчүн өзүнчө иш бөлмөлөрү менен бирге) экинчи кабатта, ал эми соттун кеңсеси (канцелярия) биринчи кабатта жайгашкан.

Аткарылган иштердин алкагында 2017-жылдын июль айынан тарта сот жаңы фоматта иштеп баштады, тактап айтканда соттун кеңсесинде  жазык иштери боюнча; жарандык иштер боюнча; админситративдик укук бузуулар жана соттук материалдар боюнча «Бирдиктүү терезелер» ишке кирди.

Эми сот отурумунун катышуучулары жана башка адамдар өздөрүнүн суроолору менен ар кайсы кабинеттерге жана кызматкерлерге эмес, тийиштүү терезеге кайрыла алышат.

Мындай иштөө форматы соттун кеңсесинин ишинин натыйжалуулугун жакшыртып, соттук материалдарды, арыздарды, кайрылууларды  кабыл алууда жоопкерчиликти жогорулатмакчы. Ошону менен бирге учурда келип кетип жаткан кат кабарларды, кайрылууларды, арыздар менен даттанууларды кароону контролдоп, иш кагаздарын жүргүзүүнүн сапатын жакшыртат.

 

 

Көптөгөн чет мамлекеттерде соттордун имараттары функционалдык топторго бөлүнөт. Мисалга алсак, андай имартаттар тиешелүү бөлмөлөрү бар сот залдарынан, соттордун иш бөлмөлөрүнөн, аппарат кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүнөн, соттолуучулар жана конвойлор үчүн бөлмөлөрдөн, техникалык жана тейлөө максатында пайдалануучу бөлмөлөрдөн турат.

Соттун имаратынын мындай жасалгаланышы сот отурумунун катышуучулары жана башка тышкаркы адамдар үчүн соттук териштирүүдөн  башка учурларда соттордун жеткиликтүүлүгүн чектейт эле.

Белгилей кетсек, «бирдиктүү терезелердин» түзүлгөнү сот отурумунун катышуучуларынан жана башка адамдардан жакшы пикирлер айтылып, мактоого арзыды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: