Menu

Равшан Жээнбеков: “Саясый катуу күрөштөн улам азыр Матраимов тууралу такталбаган, туура эмес материалдар медиа талаага ыргытыла баштады”

Бөлүшүү:
-Кыргызстандагы бажы тармагында контрабанда системдүү көрүнүшкө айланды, Алмаз Атамбаев жана атамбаевчилер буга Раим Матраимовду айыптоодо, сиздин бул боюнча оюңуз кандай?
-Биз, жаныбыздагы бардык авторитардык коңшуларыбыз сыяктуу эле, 30 жылдан бери коррупциялашкан саясий системада жана башкаруу моделинде жашап келатабыз. Бул коңшулардын дагы, биздин дагы, контрабанда, коррупция менен биринчи кезекте күрөшчү укук коргоо органдарыбыз аябагандай коррупциялашкан дегенди билдирет. Күчтүү президенттик бийлик дагы биринчи кезекте, өзү коррупцияга, контрабандага жана башка жагымсыз көрүнүштөргө шарт түзөт. Мына ушунун баарына бир адамды күнөөлөө адилетсиз жана реалдуу эмес.
-Кыргызстанда азыр сиздин оюңузча контрабанда менен дегеле кимдер шугулданат?
-Саясий система коррупциялашкан, жакыр өлкөдө контрабанда менен алектенүү пайдалуу. Айлыгы аз, келечеги камсыздалбаган, көзөмөлү жокко эсе укук коргоо органдарынын, чек ара кызматчылары менен мамиле түзө алган адамдар контрабанда жасай алат. Баарынын өзүнүн үлүштөрү бар. Негизи контрабанда, менин угушумча, чек аралардын жанында катуу өнүгүүдө. Мисалы, Талас, Тараз чек аралары ушундай точкалардын бири.
-Эмне үчүн 2011-жылдан 2017-жылга чейин унчукпаган Атамбаев 2017-жылдан тартып өлкөдөгү бардык экономикалык кризистерге Раим Матраимовду айыптап калды?
-Азыр, өлкөдө, саясий эки багытта катуу күрөш жүрүп атат. Биринчиси, мурдагы президент Алмаз Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосунда, саясий дагы, жеке дагы. Экинчиси, бийликтин ичиндеги таасирдүү топтордун таасир, ресурс талаш күрөшү. Мурдагы президент Алмаз Атамбаев мурунку бажы башчы Раим Матраимовду, азыркы бийликке байланыштырып, бийликке каршы саясий риторика, басым куралы катары пайдаланууда. Буга кошумча, бардык нерсеге, Раимбек Матраимовду жаманатты кылуу бийликтин ичиндеги кээ бир топторго да пайдалуу болуп атат. Ошондуктан такталбаган, туура эмес маалыматтар, сырткы дагы, бийликтин ичиндеги дагы күчтөр аркылуу медиа талаага ыргытыла баштады. Менимче, Матраимовторду ар кандай саясий күчтөр саясий курал катары пайдаланууга аракет кылышууда.
-Кыргызстандын келечегинде Матраимовдордун орду кандай болот деп ойлойсуз?
-Кыргызстанда саясий абал бат-бат өзгөрүп турат. Келечекти айтуу оор, бирок Матраимовдор ресурстуу, электоралдуу үй бүлө катары, келе жаткан парламенттик, кийинчерээк президенттик шайлоолордо негизги, чечүүчү ролдордун бирин ойношот. Алар акыркы окуялардан кийин, саясатка активдүү аралашууга мажбур болушат. Саясий талаага ачык чыга башташат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: