Menu

Жасалма дипломдор түгөнбөйт го?

Бөлүшүү:

Эсимде, илгери союз куларына аз калганда “самопал милисалар” кармалып алтоосу иштен айдалган. Ошол кезде бул кабар коомчулукту дүрбөткөн эле. Самарканддан жасалма диплом алган “кызыл шапкечендер” заматта кызматтан ыргып, бышмыйып кочегар болуп калышкан. Ал эми акыркы жылдарда жасалма диплому бар айыл өкмөттөрү, бала бакчанын башчылары эле жазаланып, чоң кызматтагылар, депутаттар дале болсо жылуу ордунан козголбой кала беришкени эмнеден? Жогору жактын канатынын алдында калган шаар мэри деле бир тал чачы түшпөстөн жигердүү иштеп жатат. Эл өкүлү дагын козголуп койгон жок. Жакшылап иликтешсе жүздөгөн жасалма дипломдун “үзүрүн” көрүп жүргөндөр табылаары калетсиз. Албетте, ошолордун ичинде дале болсо күч түзүмүндө күпүлдөп иштеп жүргөндөр чыгаарына шек жаралбайт. Сабатсыз болсо да шылуундукту үйрөнгөндөр эч кимге камчы салдырчудай эмес. Окумуштуулук даражаны плагиаттык ыкма менен өзүнө оодарып алган академик, профессорлор турганда анын жанында “самопал диплом” шоона эшпей калат го?

Булак:  «Ачык сөз»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: