Menu

Мектепке чейинки билим берүүдө социалдык долбоор иштей баштайт

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 1-июнунан тартып Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө социалдык долбоор башталат.

Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, долбоордун алкагында мамлекет жеке менчик бала бакчалар көрсөткөн кызмат үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн 50 пайызын өзүнө алууга даяр.

Социалдык кызмат үч жаштан беш жашка чейинки курактагы балдарга каралган. Ага көп балалуу үй-бүлөлөр (5 жана андан көп бала), аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 12 миң сомдон кем болгон кожолуктар, атасы же энеси I же II топтогу майып болгон балдар, ата-энесинин бирөө же экөө тең мамлекеттик, муниципалдык кызматкер болуп, алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон ашпаса катыша алат.

Ал үчүн ата-энелер өтүнмөлөрүн Билим берүү жана илим министрлигине жибериши керек. Өтүнмөнүн формасы жана керектүү документтердин тизмеси министрликтин сайтында (edu.gov.kg) бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: