Menu

Фото – Жалал-Абад облусунда “Адам сатууга каршы 100 күн” акциясы жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-сентябрда КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн чоң жыйындар залында “Адам сатууга каршы 100 күн” акциясына арналган кеңейтилген жыйын болуп өттү. Анын ишине акимдер менен мэрлердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, айыл аймактарынын социалдык тармакты жетектеген адистери, социалдык камсыздоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын катышуусунда “Адам сатууга каршы 100 күн” акциясынын алкагында кеңейтилген жыйын болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Жыйындын ишин ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Ырысбек Ызабеков алып барды.

Жыйындын жүрүшүндө Жалал-Абад облусттук ички иштер башкармасынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн опер кызматкери, милициянын капитаны Сейитбек Нурдинов, GLO. ACT адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү Глобалдык долбоорунун координатору Мадина Сариева, Жалал-Абад шаарындагы “Аймира” коомдук фондунун жетекчиси Анаркүл Машаева жыйындын катышуучуларына адам сатуунун көйгөйлөрү, мыйзамсыз миграция жана эмгек кулчулугуна кабылган жагдайлар туурасында кеңири маалымат беришти.

GLO. ACT – бул Европа Биримдиги (ЕБ) менен БУУнун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын (БУУ БККБ) биргелешкен демилгеси. Аталган долбоор төрт жылга (2015-2019-жылдарга)  эсептелинген жана бюджети 11 млн. еврону түзөт. Долбоор миграция боюнча Эл аралык уюм (МЭУ) жана Бирирккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен тыгыз өнөктөштүктө ишке ашырылып, Африка, Азия, Чыгыш Европа жана Латын Америкасынын 13 өлкөсүн камтыйт. GLO. ACT демилгеси адам сатуунун алдын алуу, адам сатуунун курмандыктарын коргоону жанак соттук көзөмөлдү камсыздоо, өнөктөш мамилелерди жөнгө салуу аркылуу мигранттарды мыйзамсыз киргизүүгө жана адам сатууга каршы туруунун стратегиялык улуттук чараларын пландоодо жана жүзөгө ашырууда 13 өлкөгө колдоо көрсөтүүгө багытталган. Программа Европа Биримдиги тарабынан каржыланат.

“Адам сатууга каршы 100 күн” акциясына арналган жыйындын жүрүшүндө анын катышуучулары тарабынан уюштуруучуларга көптөгөн суроолор берилип, аларга канааттандырарлык жооптор алынды. “Адам сатууга каршы 100 күн” акциясы Жалал-Абад облусунда 5-сентябрдан 18-сентябрга чейин уланат жана эстафета Талас облусуна өткөрүлүп берилет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: