Ызы-чуулу персоналар менен дайыма байланышып, алардын укугун коргоп басып жүргөн Канат Хасанов аттуу адвокат бар. Акыркы учурларда абакта жаткан Өмүрбек Текебаевдин адвокаты катары таанымал болуп калды. 48 жаштагы Канат мырза өзү Ысык-Көлдүн кулуну, улуту калмак. Юридикалык жогорку билими бар. Мурда КР сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болгон.
Убаганда ал кримавторитет Рыспек Акматбаевге юридикалык жактан жардам көрсөтүп келгени тууралуу желип-жорткон кептер айтылып келет. Кримчөйрөдө аты айтыла калып жүргөн адам менен да байланышы бар экенин каңкуулагандар арбын.
Айрым маалыматтарга караганда Р.Акматбаевге тиешелүү мүлктөр К.Хасановго катталып келген. Бирок, Р.Акматбаев чын дүйнөгө аттангандан кийин, дагы бир кримавторитет коркутуу жолу менен ал мүлктөрдү өзүнүн адамдарына кайрадан каттаткан дешет билгендер. Мына ушунун өзү Канат мырзанын кримчөйрө менен тыгыз чырмалышып калганынан кабар берип турган жокпу?
Ал КР сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болуп турган чакта сотторго талапкерлерди конкурстук тандоодон өткөрүп берүү убадасы менен акча чогултуп келгени боюнча да маалыматтар көп айтылат. Маселен, 2012-жылы К.Хасанов бир лөктүн ортомчулугу аркылуу Арзыбек Акыев аттуу жарандан Жогорку соттун судьялык кызматына конкурстан өткөрүү үчүн ири суммада акча каражатын алган. Анан албетте, ал А.Акыевдин конкурстан өтүүсүн камсыздап берген. Албетте, кол менен кармап албагандан кийин биз эч кимди «ууру» туткубуз келбейт, бирок «жел жүрбөсө чөптүн башы ыргалбайт» деген да кеп бар экенин эске алып коюу керек.
К.Хасановго жалпысынан 10 автоунаа катталган. Алардын арасында өтө кымбат баадагы автоунаалар да бар. Андан сырткары Бишкек шаарында бир үйү, бир турак- жай эмес имараты бар. Анан дагы борбор калаабыздагы «С легким паром» мончосунун имаратынын 4-кабатында бильярд клубу жана Балыкчы шаарынын сыртында мал сарайдын ээси.
К.Хасанов жаш селкилер менен «эс алганды» да абдан жакшы көрөрүн тар чөйрөдө көп кеп кылышканын угабыз. Кыз жандуу экенин айтып шыпшынгандар көп. Өзү 48де болсо, жандаган селкилери 25-30 жаштын тегерегинде болот дешет.
Маалыматтарга караганда Канат мырзанын жүрөк оорусу бар. Бирок, ошого карабастан ал спирттик ичимдиктерге өтө жакын. Маал-маалы менен жанагы «баш айлантманы» да колдонуп коёт дешет. Кумар оюндарына да жакын экени белгилүү – карта, казино ойногондо бир топ чери жазылып калат окшойбойбу.
Ал жакында эле маалымат булактарынын бирине берген комментарийинде өзүнүн криминалдык чөйрөдөгү адамдар менен жакшы мамиледе экенин жашырбай айтып берген. «Мен кесибим боюнча көптөгөн адамдарды коргоого туура келген. Ооба, алардын арасында уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси барлар да болгон», – деген ал өз комментарийинде.
Ошентип, акча үчүн кылмыш чөйрөсүнүн адамдарын да коргоого барып жүргөн Хасанов мамлекетке кандай жакшьшык жасашы мүмкүн деген суроо өзүнөн өзү жаралат. Ал ошол адамдардын кримчөйрөдөн экенин билип турса дагы коргоого алган. Демек, бүгүнкү күндө Текебаевдин коррупционер экенин да билип турат, бирок коргоого алууда деген тыянакка келсек туура болчудай.
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ