Menu

Осмонов лоторея оюнун ооздуктайбы же калкалайбы?

Бөлүшүү:

Кечээ Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында КСДП депутаты Төрөбай Зулпукаров экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Замир Осмоновго борборубуз Бишкек шаарынын кайсы жеринде лотерея оюндары ойнолуп жаткандыгын айтып берди. Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш буга чейин лотерея оюндарына тыюу салган мыйзамын кабыл алган эле. Эл өкүлүнүн айтымында бүгүнкү күндө жашырыныппы же колдогон кожосу күчтүүбү, айтор лотерея оюнун ойнотуп жаткан мекемелер бар. Аларды кантип эле сиздин кызматкерлер көрүшпөйт. Мага бул боюнча толук маалымат бериңиз деди. Чындыгында мыйзам кабыл алынып мындай оюн клубдар ээсине эле пайда алып келбесе, карапайым калкка зыянынан башка кымындай да пайдасы жок оюн борборлору эчак эле жабылыш керек болчу. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы каякты карап олтурат?

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: