Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков бир жума аралыгында мектеп окуучулары, жогорку окуу жайдын студенттери, диаспора өкүлдөрү менен пландык жолугушуу өткөрүп, мамлекеттин тынчтыгы, илим алууну зарылдыгы жана туура жолдо жүрүү темалары боюнча лекциясын окуп берди. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Ошондой эле имам Аъзам Абу Ханифанын (р.х) өмүр баяны туурасында баяндама жасап, кандай гана суроо жаралбасын дин кызматкерлеринен суроону өтүндү. Мындан сырткары терс диний агымдар, экстремизм, терроризм, кылмыштуулук, зордук-зомбулук, илимдин баалуулугу, ысырапкорчулук, ынтымакты бекемдөө, маркумду акыркы сапарга узатууда шарияттын тартиптерин сактоо туурасында катышуучулардын берген суроолоуна жооп берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ