Menu

Атамбаев Кыргызстандын түндүгүнө гана таяна алат

Бөлүшүү:

Албек Ибраимовдун тарапкерлери аны коргоо боюнча комитет түзүшкөндөрүн жар салышты. Алар азырынча митингге чыгууну пландаштырышкан жери жок. Бирок, «адилетсиз чечим кабыл алынчу болсо, биз акыркы чараларга барабыз» дешет.

«Ибраимов башынан Атамбаевдин жан-жөкөрлөрүнүн арасындагы эң орчундуу фигуралардын бири. Ошондуктан, ал баардык күчүн мобилизациялоого аракет кылат» деп эсептейт саясый серепчи Марс Сариев.

– Көзүр карта катары регионалдык фактор колдонулушу ыктымал. Бирок, экс-президент Кыргызстандын түндүгүнө гана таяна алат. Алмазбек Шаршенович менен Сооронбай Шарипович консенсуска келе алышпаганы да электорат мобилизацияланышы мүмкүн экендигинен кабар берип тургансыйт. Демек, элдик фактор бийликке кысым көрсөтүүнүн куралы болуп калышы мүмкүн.

Бирок, Марс Сариевдин пикири боюнча, 2005-2010-жылкыдай масштабдуу нааразылык акцияларынын кайталанышы күмөн.

– Азыркы мамлекет башчысы жаңы эле ишке киришти, кээ бир программаларды киргизип, коррупцияга каршы күрөштү активдештирүүгө аракет жасоодо. Мына ошондуктан, эл арасында ага карата азырынча нааразылык жок. Эгер кыргызстандыктар эч кандай өзгөрүүнү көрүшпөсө, дагы эки жылдан кийин эл көтөрүлүшү мүмкүн. Азырынча андайга негиз жок. Атамбаевдин пайдасына ойногон жападан жалгыз нерсе -бул Молдомуса Конгантиевге карата кылмыш ишинин токтотулушу. Бул электораттын нааразылык маанайына бир аз таасир этиши ыктымал. Бирок, ошондо деле масштабдуу акцияларды уюштуруу кыйын го, – дейт Марс Сариев.

«Вечерний Бишкек»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: