Тажик бийлиги “Тажик темир жол” ишканасынын мурдагы башысы Амонулло Хукуматулло Чехиянын белгилүү туристтик жайларынан 10,6 миллион долларга кыймылсыз мүлктөрдү сатып алганы боюнча кабардар болду.
Амонулло Хукумовдун Чехиядагы мүлкү тууралуу Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борборунун (OCCRP) иликтөөсүнөн кийин маалым болгон. Башкы прокуратура бул фактылар чындыкка канчалык деңгээлде дал келерин аныктай элек. Көзөмөл органдын өкүлү жетекчиликтен көрсөтмө түшсө гана иликтөө иштери баштала турганын белгиледи.
OCCRP маалымдагандай, Амонулло Хукумовдун аялы жана балдары Карловы Вары менен Марианске- Лазнеден алты кыймылсыз мүлккө ээ. Бул үчүн Хукумовдор 10,6 миллион доллар коротушкан. Анын үй-бүлөсүнүн Москвада дагы 1,1 миллион долларга бааланган батири бар.
66 жаштагы Амонулло Хукумов 2014-жылы февралда Тажикстандын темир жол ишканасынын башчы кызматынан бошотулган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ