Ноокен районун Бүргөндү айыл өкмөтүнө караштуу Жаштык айылында айыл өкмөтү тарабынан каржыланып жаңы фельдшердик-акушердик пунктунун курулуш иштери бүтүп ишке берилгени турат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Штаттык бирдиктер Кочкор-Ата Үй бүлөөлүк медицина борбору тарабынан камсыздалды. Бүгүнкү күндө сырткы даараткана жана суу кудугу бүткөрүлүп жатат. Аталган жумуштар аяктагандан кийин ФАП Кочкор-Ата ҮБМБнын балансына өткөрүлүп берилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ