Кара-Суу районунда коронавирус менен күрөшүп жаткан жарандардын экөө айыгып, ооруканадан чыгарылды. Буга чейин Кара-Суу районунда коронавирус аныкталган 11 жаран дарыланып жаткан. Алардын ичинен 2 адам сакайып, үй карантинге чыгарылды.
Андан тышкары Ош шаардык төрөтканасынан райондогу Курманжан Датка ооруканасына коронавирус жуктурган 2 эне которулду. Алар коронавирусту төрөткө чейин же төрөттөн кийин жуктурганы белгисиз.
Ошондой эле Россиядан келген Кара-Суу районунун 2 тургунунан коронавирус аныкталып, Ош шаарында дарыланып жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ