16-февралда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармонияда гитарист, композитор, поп-рок ырчы жана акын Игорь Саруханов жеке концертин берет.
“Rеанимация” деген программасында 30 жылдын ичинде жаралган ырлар жаңырат. Алардын арасында белгилүү “Бухта расдости”, “Лодочка”, “Зеленые глаза”, “Это не любовь”, “Скрипка-лиса” ж.б. ырлары бар.
Игорь Саруханов эң алгач 1985-жылы Москвада өткөн бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин фестивалында чыккан эле.
Ал акын жана композитор катарында Сергей Челобанов, Анне Вески, Николай Трубач, Владимир Пресняков, Александр Маршал, А-Студия”, “Город 312” ж.б. менен иштешкен.
Билеттерди www.ticket.kg. Сайтынан сатып аласыздар. Телефондор: 0501500500, 0555424004.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ