Кытайлык миллиардер аял Ян Хуэйянь 2018-жылдын 4 эле күнүндө биржалардагы соодадан өзүнүн байлыгын $25,6 миллиард жеткирген. Кытайдын эң бай аялы Ян Хуэйянь Country Garden Holdings компаниясынын контролдук пакетине ээ жана 2018-жылдын башынан бери дагы $2,06 миллиардга байыды. Бул тууралу каржылык маалыматтар боюнча Bloomberg агенттигинин эксперттери эсептеп чыгышкан
Алардын эсеби боюнча Ян Хуэйянь 2017-жылдын 31-декабрына чейин болгон $23, 6 миллиард акчасын азыр жаңы жылдын 4 күнүндө $25,6 миллиард акчага жеткирди. Bloomberg агенттигинин миллиардерлер тизмесинде (Bloomberg Billionaires Index) Ян Хуэйянь эми 31-орунга көтөрүлдү.
Дүйнөнүн миллиардерлери 1 жылда 1 триллион долларга байышты
Ал эми Amazon.com корпорациясынын негиздөөчүсу Джефф Безос $4,71 миллиард таап бул көрсөткүч боюнча 1-орунга чыкты, анын ичинде акыркы бир күндө $1,54 миллиард пайда тапкан. Ян Хуэйяньдин байлыгы акыркы бир күндө $1,09 миллиардга көбөйүп, Zara брендинин ээси Амансио Ортего менен 2-орунду бөлүшкөн.
Кытайдын эң бай кишилеринин тизмесинде Ян Хуэйянь өлкөнүн эң жаш миллиардери болуп эсептелет жана миллиардерлердин арасында Ван Цзяньлинудан кийинки 5-орунда турат. Forbes агенттигинин эксперттеринин эсептөөсү боюнча Кытайдын эң бай аялы Ян Хуэйяньдин байлыгы азыр $28, 6 миллиардга жетип, $25,4 миллиард байлыгы бар Ван Цзяньлинудан ашып кетти.
UBS и PwC агенттигинин эксперттеринин 2017-жылдын 31-октябрына карата эсептөөсү боюнча 2016-жылдын жыйынтыктарында Азия континентинин миллиардерлеринин саны биринчи жолу АКШнын миллиардерлеринин санынан ашып кетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ