Мурдагы президенттин аппарат башчысы Алмаз Усенов жумушсуз деле калган жок. Ал «Форум» имаратында иштеп атат. КСДПнын ички уюштуруу иштерин жайгарып, ошого катар Алмазбек Атамбаевдин пиар-менеджери катары да алектенүүдө. Жакында партиянын съезди өтөт, дал ошол иш-чарада Атамбаев лидер катары кайрадан дайындалып, парламенттик шайлоого даярдыктар батыл көрүлмөкчү. Негизи Усенов мыкты аткаруучу, шефинин тапшырмаларын «ташка тамга баскандай» жасайт. Учурда Усенов партиянын саясый-идеологиялык иштеринен сырткары да бир топ маалымат булактарын «көшөгө артынан» башкарып, шефинин душмандарын «ур-тепкиге» алдыруу жагынан таланты бар экенин далилдеп аткан чагы.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ