Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 2-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында, Жалал-Абад облусунун айрым тоо этектеринде жаан жаайт, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +3…+8 күндүз: +14… +19,
Таласта түнкүсүн: 0…+5, күндүз: +12…+17,
Баткенде түнкүсүн: +6… +11, күндүз: +16…+21
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +6…+11, күндүз: +16…+21,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +1…+6, күндүз: +12… +17,
Нарында түнкүсүн: -2…+3, күндүз: +12…+17,
Бишкекте түнкүсүн +5…+7, күндүз: +17…+19.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ