Кечээ, 14-январда Кытайдын Хэбэй провинциясынын Цансянь шаардык уездиндеги Cangxian Cirque циркинде арстан, жолборс жана ат оюн көрсөтүп жатышып, күтүлбөгөн жерден арстан менен жолборс атка тиш салышкан. Эгер жаныбарларды үйрөткүчтөр (дрессировщиктер) камчынын күчү менен ажыратып калбаганда жырткычтар атты ошол жерде эле көрүүчүлөрдүн көзүнчө жарып салышмак. Белгилей кете турган нерсе, жакшы байкаган кишиге үйрөткүчтөрдүн өздөрүнүн өмүрүнө деле коркунуч бардай. Анткени арстан менен жолборс аларды да угушпай, атты араң эле ажыратып калышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ