Facebook баракчасында БеспределKG аккаунту Ө.Текебаев 21-ноябрда Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасовго тиешелүү Torro Grill I Bar ресторанында Раиса Атамбаева менен чогуу олтурганын жазып чыккан эле.
26-ноябрда Өмүрбек Текебаев чындап эле аталган ресторанда болгонун, бирок жолуккан кишиси Раиса Атамбаева эмес экендигин айтты.
“Мен чындап эле аялзаты менен жолуктум, бирок ал Роза Отунбаева болчу, – деди экс-депутат, – Мени түшкү тамакка чакырган экен. Ресторанда Раиса Атамбаева болгон эмес. Күбөлөр бар. Тейлеген кыз-жигиттерден сурап, видеокөзөмөлдү карап көрсөңөр болот”, – деди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ