Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Өзбекстан лидери Шавкат Мирзиёевге Казакстандын Актөбө облусундагы өзбекстандыктардын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтып, телеграмма жолдоду.
«Казакстан Республикасынын Актөбө облусунда 52 кишинин өмүрүн алган жүргүнчү автобустун күйүп кетишти тууралуу кабарды өтө кайгыруу менен кабыл алдык. Урматтуу Шавкат Миромонович, Тажикстан Республикасынын элинин жана Өкмөтүнүн атынан маркумдардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, кайгыларын тең бөлүшөбүз. Мындан тышкары трагедиянын кесепетинен жабыр тарткандардын тезирээк сакайышына тилектешпиз», – деп айтылат телеграммада.
Бейшембиде Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, бери дегенде 52 киши каза тапты, бардыгы Өзбекстандын жарандары болчу. Кырсык болгон учурда «Икарус» автобусунда 57 киши бараткан. Беш киши жарадар болду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ