Menu

Аширали Маразыков «Сулайман-Тоо музейинин жертөлөсүн оңдоо учурунда Кыргызстандын туусу таштанды топтош үчүн жерге төшөлдү» деп жарыя кылды

Бөлүшүү:

Сулайман-Тоо музей комплексинин мурунку кызматкери Аширали Маразыков «музейдин жертөлөсүн оңдоо учурунда туу таштанды топтош үчүн жерге төшөлдү» деп, бир нече сүрөттү Интернетке илди. Ал Кыргызстандын башкы символдорунун бири тепселиши үчүн Сулайман-Тоо архитектуралык музейинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиевди айыптады. Мындан тышкары ал мындай иш мыйзамга каршы келээрин айтып, музей жетекчилигин жазага тартууну талап кылды. Ал эми Сулайман-Тоо архитектуралык музейинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев полго төшөлгөн туунун окуясы ал жетекчи болуп келгенге чейин болгонун, ага жооптуу эмес экенин билдирди. Жетекчинин айтымында, туунун чыры иштен кеткен кызматкердин таарынычынан улам жаралган. Кыргызстандын туусу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Мамлекеттик символ катары бекитилген желекти өрттөгөндөр, жырткандар жана башка туура эмес нерселерди жасагандар мыйзам жоопкерчилигине тартылат.

Булак: Ачык саясат 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: