Menu

Фото – Майлуу-Суу шаарында адам өлтүргөн кылмышкердин бети ачылды

Бөлүшүү:

Майлуу-Суу шаарынын 1948-жылы туулган тургуну Тамара Гузованын бир айдан бери жер алдында жашырылган жансыз денеси кечээ, 17-январь күнү аталган шаардын Түлөбердиев көчөсүнүн тургуну 1967-жылы туулган Ю.Казаков аттуу атуулдун үйүнүн артынан, шише бөтөлкөсү үйүлүп турган жерден табылды. Бул тууралу Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Жашы 70ти таяп калган маркумдун сөөгү шаар прокурору Мамажакып уулу Алмазбек, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Рустамбек Жумабаев жана тийиштүү милиция кызматкерлеринин, соттук-медициналык экспертизанын өкүлдөрүнүн катышуусуна казылып алынды.
Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, Тамара Гузова мындагы шаардын Ленин көчөсүндө жалгыз жашачу. Жалгыз кызы бар, бирок ал Россия Федерациясында жашайт.
Былтыркы жылдын декабрь айынан тарта маркум үйүндө көрүнбөй, дайынсыз болуп калган. Мындан улам анын кошуналары тынчсызданышып, бири-биринен сурашып, конокко кетүүсү мүмкүн деп да боолголошкон. Ошентип кабары жок болуп кеткен айылдашынан тынчызданышкан шаар тургундары милицияга кабарлашкан. Быйылкы жылдын 5-январында шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш каттоо китепчесине анын дайынсыз жоголгону туурасында катталып, тартип сакчылары издей башташкан.
«Бизге катталгандан кийин маркумду издөө иши жанданып, оперативдик маалыматтар келип түштү. Маалымат негизинде кылмышка шектүүнүн үйүнүн аркасындагы бөтөлкөлөрдөн күмөн болгон, анткени ажаткана тараптагы бөтөлкө үйдүн артына ташылып калган. Үйүлгөн бөтөлкөлөрдү алган учурда жердин казылганы байкалды. Аялдын сөөгү болжолдуу түрдө 70 сантиметр тереңдикте казылып көмүлгөн, кылмыштын бети жабуу үчүн бөтөлкө шишелер жабылган. Аялдын сөөгү бир айдай жатып калган. Үй ээси өлүктү тапкандан кийин гана Тамара менен тааныштык жагдайы бар экенин, сөз талашуудан улам чыр чыкканын айтып берди. Маркумду тапканга чейин да үй ээси анын дайынсыз жоголуусуна тиешеси жок экенин билдирип жаткан болчу», – деди Р.Жумабаев.
Маалым болгондой кылмышка шектүү менен каза болгон аял эски тааныштардан экени айтылууда. Адам өлтүрүү фактысы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иш алып барылууда. Кылмышка шектүүгө Кылмыш жаза-кодексинин 97-беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттук медициниалык экспертиза да киши колдуу болгонун тастыктаган.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: