Menu

РИА Новости: Кыргызстан кайрадан Орусияны Жогорку-Нарын каскадындагы ГЭСтерди курууга чакырды

Бөлүшүү:

Кыргызстан кайрадан Орусияны Жогорку-Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу долбоорун ишке ашырууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Орусиянын Энергетика министрлигине шилтеме кылып жазды.

Басылма учурда бул сунуш «бийлик жана кызыктар компаниялар тарабынан каралып жатканын белгиледи. «Азырынча долбоорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну калыбына келтирүүнүн шарттары кыргыз тарап менен талкуулана элек», — деп жазды агенттик.

Кыргызстан Орусия менен Камбар-Ата-1 жана Жогорку-Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге 2012-жылы кол койгон. Бул үчүн «Жогорку-Нарын ГЭСтери» деген биргелешкен ишкана түзүлгөн. Анда алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирери маалымдалган.

Бирок 2016-жылы августта Кыргызстан келишимди бир тараптуу токтоткон. Буга жооп кылып долбоорду ишке ашыруу милдетин алган орусиялык «РусГидро» компаниясы курулушту пландоого 37 млн. доллар сарпталган деп, кыргыз тараптан аны төлөп берүүнү талап кылган. Кыргызстан болсо бул суммадан күмөн санап, эл аралык аудит өткөрүлүшү керектигин билдирип келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: