Menu

Мамлекеттик каттоо кызматы мөөнөтү өтүп кеткен паспорттордун жарактуулук мөөнөтүн узартууну сунуштайт

Бөлүшүү:

КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы кыргыз жарандарынын мөөнөтү өтүп кеткен паспортторунун мөөнөтүн узартууну, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды каттоонун мөөнөтүн узартууну сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, өкмөттүн токтомунун долбоору иштелип чыккан.

Министрлик республиканын айрым региондорунда өзгөчө кырдаалдын киргизилишине жана аларды тейлөө борборлорунун жабылышына байланыштуу, кыргыз жарандары, чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар документтери жаңыртууда жана алууда белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болушкандыгын белгилешти.

Мамлекеттик каттоо кызматы: – 2004-жылкы үлгүдөгү КРнын жаранынын паспортун 2020-жылдын 1-сентябрына чейин;

– 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорту (16 жашка чыга элек жаранды кошпогондо) 2020-жылдын 1-сентябрына чейин;

– Белгиленген мөөнөттөрү бүткөн чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды каттоо же каттоосун узартууну сунуштайт.

Мындан тышкары, 2017-жылкы үлгүдөгү паспорту жок адамдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде республикалык тестирлөөдөн өтүүгө уруксат берүү сунушталууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: