Menu

Түркияда боло турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кыргыз улуттук спортунун канча түрү киргизилет?

Бөлүшүү:

Түркияда боло турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кыргыз улуттук спортунун 7 түрү кирет. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен Түркиянын Жаштар иштери жана спорт боюнча министрлигинин ортосундагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маселеси боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Аталган Меморандумга ылайык, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына төмөнкү спорттун түрлөрү киргизилет:

– көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөш, ордо, бул оюндар Кыргыз Республикасынын спорттун ушул түрлөрү боюнча федерациялары бекиткен эрежелер боюнча өткөрүлөт;

– тогуз коргоол, алыш бел боо күрөшү – спорттун ушул түрлөрү боюнча эл аралык федерациялар бекиткен эрежелер менен өткөрүлөт;

– көчмөндөрдүн улуу күрөшү – кыргыз тарап бекиткен эреже боюнча өткөрүлөт.

Белгилеп кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркия Республикасынын аймагында өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: