Menu

Аида Касымалиева: “Сооронбай Шарипович эл сизди эмитеден эле сагына баштады”

Бөлүшүү:
Урматтуу Сооронбай Шарипович Жээнбеков.
Ушул күндөрү биздин көз алдыбызда тарых жазылууда. Ар бир кабыл алынган чечимди кайра кайтарып алса болбойт. Ал чечимдер кандай жыйынтыкка алып келерин биз кийин гана көрөбүз.
Бүгүн калың эл сиздин кадырынызды миң эселеп билип, кетишиңизге кайгырып турат. Эмитеден эле эл сизди сагына баштады.
Баары көрүп, бардыгын билип турушат. Кадырыныз чыныгы калын журттун жүрөгүндө экен! Көрсө, атайлап жасалган кара пиар Сизге жукпаптыр. Эл сыйлап, бул кадамынызды алкоого алган учур! Мындай кадам, чыныгы элин сүйгөн, жерин сүйгөн адамдын колунан гана келет!
Мүмкүн сиздин душмандарыныз бүгүн кубанып, эртен эл сыяктуу кайгырышаар… Аны мезгил өз ордуна коет…
Айкөлдүгүңүздү, чыдамкайлыгынызды, ар кандай сынды көтөргөнүңүздү, чыныгы президент-государственник экениңизди баса белгилегим келет.
Башкалар башкача ойлонгондур. Бирок жараткан оң жолдо жүргөн инсандын жолун кандай гана каралоо болбосун, тоскоолдук жаратпасын, баардык кыйынчылыктан өзү сактайт! Буга бул кундөр күбө! Сиз чыныгы элдин даанышманы болдуңуз!
Байлык, бийлик, мансап колдун кири экенин, биринчи адамдык сапатыныз бийик экенине калын эл баа берип турат.
“Мен президент болордо”Бир топтун же бир адамдын кызыкчылыгын коргойм” деп убада берген эмесмин. Мен кыргыз элинин кызыкчылыгын коргойм деп сөз бергем. Бир адам үчүн “саткын” аталууга ыраазымын. Элдин кызыкчылыгын саткан саткын болуудан Кудай мени сактасын” деген сөздөрүңүзгө бек болдунуз.
Сөзүмдүн аягында бардык тараптарга кайрылгым келет.
Нашим основным принципом, главной задачей должно стать – достижение максимального общенационального консенсуса.
Мы все вместе должны принять в ближайшие дни решения, которые будут отвечать интересам нашего единого народа Кыргызстана. Они не должны ущемлять ничьи интересы. Именно достижение общенационального согласия соответствует задачам, стоящим перед государством.
Главная наша задача на сегодняшний день – это сохранение мира, законности и общественного согласия.
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Нургожоевич Жапаровко жана анын
командасына ийгилик каалайм.
Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок.
Аида Касымалиева

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: