Өмүрбек Текебаев абактагыларга юрист катары жардам берип жүрөт 19.01.2018 Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ордуна депутат болуп келген Искандер Гайпкулов № 47абакта отурган Өмүрбек Текебаевге жолугуп чыгып, маанайы жакшы экенин билдирди. Ошондой эле Текебаев камерасынан чыкпай, эч ким менен сүйлөшпөйт деген маалыматты четке кагып: “Бул бирөө тарабынан болгон каралоо. Таптакыр чындыкка дал келбейт. Текебаев абакта отургандарга юридикалык жактан консультация берип, жардам берип жүрөт. Эшикке чыкпаса, эч ким менен сүйлөшпөсө кантип жардам бермек эле?” – деп айтты.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ