Menu

Өзбекстандын прокуратурасы эски кадрлардан «тазаланууда»

Бөлүшүү:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев прокуратура жана Каржы министрлигинин кызматкерлерин сындагандан кийин аталган мекемелерди эски кадрлардан «тазалоо» иштери башталды.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын алдындагы Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлеринин биринин айтымында, мекеме башчысы көптөгөн жылдар бою кызматтык милдеттерин адискөйлүк менен аткарып келген эски кадрларды иштен алууда.

– Мен Сот департаментинде көп жыл иштедим жана өз ишимди жакшы билем. Бирок жетекчилик «Сен президент айткан келемиштердин бирисиң, уурусуң, арызыңды жазып кет» деди. Коллегиялык жыйындарда эски кадрлардын дарегине көптөгөн кемсинткен сөздөр айтылып, бизди мурдагы баш прокурор Рашид Кадыров маалында элди тоногон уурулар деп аташууда, – деди ал.

Бирок Башкы прокуратуранын кадрлар бөлүмүнөн мекемеде «жүрүш-турушу начар жана опузалап акча алуу менен алектенген» кызматкерлер жумуштан кетирилип жатканын билдиришти. «Бул алардын бардыгы иштен алынат дегенди билдирбейт. Айрым татыксыз кадрларга дисциплинардык жаза-чаралар көрүлүүдө. Эгер ММКларга даттанган кызматкер чынында эле тажрыйбалуу адис болсо, анда анын маселеси жакшы жакка чечилет», – деди ал.

Президент Шавкат Мирзиёев видеоселектордук жыйындардын биринде «прокуратура органдарынын 80 пайызы ууру» экенин айткан. Расмий маалыматтар боюнча 2017-жылдын 11 айында 7 миңден ашык прокуратура кызматкери дисциплинардык, 201 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Өткөн жылдын 23-декабрынан тарта өлкөнүн Каржы министрлигинде дагы кызматкерлер жапырт жумуштан алына баштаганы кабарланган. Андан мурдараак Шавкат Мирзиёев бул мекеменин ишин дагы сындаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: