Үстүбүздөгү жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 29 мамлекеттен тишелүү кайрылуулар келди. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдешке Азербайжан, Аргентина, Армения, Перу, Польша, Орусия, Словакия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Израиль, Индия, Индонезия, Италия, Казакстан, Кытай, Колумбия, Латвия, Литва, Эстония, Нидерланды, Пакистан, Перу, Украина, Шри-Ланка, Эквадор жана Монголиядан спортчулар келишет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ