5-августта Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханинин инагурациясы болуп өтүп, ага КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетекчилик кылган делегация катышты. Бул туурасында ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Бул иш чарага ар түрдүү өлкөлөрдөн президенттердин, премьер-министрлердин, парламент спикерлеринин, тышкы иштер министрлеринин, ошондой эле ар кандай эл аралык жана аймактык уюмдардын жетекчилери катышты.
Бул иш чаранын алкагында Э.Абдылдаев бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, анын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери талкууланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ