Билим берүү жана илим министрлиги Белоруссия университеттеринде акысыз билим алуу программасына катышуучулар үчүн сынак шарттарын маалымдайт.
Белгилей кетсек, Белоруссия өкмөтү 2020-2021-окуу жылы үчүн Кыргызстанга сегиз гранттык орун бөлгөн.
Бакалавриат программасы боюнча бөлүнгөн гранттык орундар:
-Финансы жана кредит – 1 орун;
-Биотехнология – 1 орун;
-Маалымат технологиялары – 3 орун.
Магистратура программасы боюнча бөлүнгөн гранттык орундар:
-Лингвистика (тилди көрсөтүү керек) – 1 орун;
-Эл аралык укук – 1 орун;
-Маалыматты даярдоо, башкаруу жана системалык анализдөө (тармактар боюнча) – 1 орун.
Талапкерлерди тандоо эки этапта жүрөт:
Биринчисинде катышуучулар Белоруссия элчилигине төмөндөгү документтерди тапшыруусу зарыл:
-элчиликтин атына кайсы адистикти жана эмне үчүн тандаганы тууралуу эркин формадагы арыз.;
-чет өлкөгө чыгуу документтеринин же жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү;
-билим алгандыгы тууралуу документтин көчүрмөсү же билим берүү уюмунун жетекчиси күбөлөндүрүп, бардык предметтер боюнча алган баалары көрсөтүлүп, окуп жатканын далилдеген маалымат кат;
-орус тилин билүүсүн тастыктаган документтин көчүрмөсү;
-тандаган адистиги боюнча билим алууга жөндөмдүүлүгү көрсөтүлгөн медициналык аныктама жана ВИЧ жоктугу боюнча сертификат;
-окуу жайдан мүнөздөмө (окуп жаткандар үчүн);
-белоруссиялык тегин аныктоочу документ (эгер болсо).
Документтер орус же белорус тилинде даярдалышы керек. Сынакка катышуучунун акыркы окуу жылындагы орто упайы 4,3 баллдан кем эмес болушу зарыл.
Экинчи этап 15-июлга чейин аралыкта аңгемелешүү түрүндө өтөт. Экинчи тур тууралуу Белоруссия элчилиги талапкерге 20-майга чейин маалымат берет.
Грант окууга кеткен чыгымдарды камтыйт, стипендия берет.
Грант катышуучунун жол акысына, жатаканага, тамак-ашка, медициналык камсыздандырууга жана визага кеткен чыгымдарды камтыбайт.
Документтер 2020-жылдын 25-февралына чейин тапшырылышы керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ