Menu

Айжан: Абийирди сатып тапкан арам акча жукпайт экен. Күнөөм да тоодой болду

Бөлүшүү:

26 жаштагы Айжан бул окуяны башка кыздарга сабак болушу үчүн айтып берди. Анын айтымына караганда буга чейин өткөргөн турмушу көп эле жерде кайталанып, тилекке каршы мындай көрүнүштөр көп эле кездешип жаткан экен. Ал 18 жашка чыкканда Санкт-Петербург шаарындагы жогорку окуу жайлардын бирине тапшырып, акыры минтип жаман жолго түшкөнүн ачык эле мындача баяндап берди.

—Питерде 2 бөлмөлүү батирде КМШнын ар кайсы өлкөрүнөн келген 6 кыз менен бирге жашадым. Ата-энемдин салган акчасы бир айлык жол киреге жана чакан түштөнүүгө эле жетчү. 1-курста өп-чап жашоодо жашадым. Буйрутма менен идиш-аяк ташыгыч, идиш-аяк жуучу жайда, кафеде официантка болуп иштедим. Бирок тапканым аз болуп кыйнала бердим. 2-курста Мухиддин аттуу өзбек улутундагы жигит менен таанышып, аны менен бат эле кыз-жигит болуп кеттим. Ал акчалуу эле. Дайыма сыйлагандыктан экөөбүз жалаң ресторандан тамактанчубуз. Андан тышкары ал мага мен жактырган буюмдарды алып берчү. Ал таанышканыбызга эки ай болгондон кийин, өзү жашаган үйгө көчүп келүүмдү суранды. Мен ата-энеме эч нерсе айтканым жок. Эгер айта турган болсом, алар жарандык никеге уруксат беришпейт болчу. Мен Мухиддинге биринчи түнү кыз экенимди айттым. Ал менин бул сөзүмдү укканда дароо өзгөрүп:

-Кыз болсоң, кыздыгыңды өзүңө инвестиция кылышың керек – деди.

Мен анын бул сөздөрүнө таң калып, анын бул айткандарынан баш тарттым. Мухиддин менин сөзүмдү угуп да койгон жок. Ал мени карылуу колу менен жаактан ары тартып жиберди. Шолоктоп ыйлап жиберсем, ал ого бетер күчөп кыжыры кайнап:

—Мен сага канча деген акча төлөдүм. Сен ошол каражатымды кайтарышың керек. Менин жактырган бир кызым элита сойку кыздарды иштеткен сутенёрдун жардамчысы болуп иштейт. Сенин кыздыгыңды жакшы акчага сатса болот — деп айтып, ал мага биринчи түнү эмнелерди кылбашым керек экенин түшүндүрдү. Мен андан коркконумдан макул болууга аргасыз болдум.

Биринчи кардарым 50 жаштагы жылдыздуу адам болду. Ал түнү менен өз ишин кылды. Эртең менен эки конверт таштап кетти. Бир конвертте 100 миң рубль, экинчисинде “чай үчүн” деп 10 миң рубль салыныптыр. 10 миңди көрсөтпөй өзүмө алып алдым да, 100 миңди Мухиддинге бердим. Бирок 10 миң рубль тез эле түгөнүп калды. Баягыдай эле акча жок, болсо да өп-чап күндөрдү баштан кечирип баштаганда, Мухиддинге “кардар” таап берип турушун сурандым. Мухиддин бул сунушума куба-нып кетти. Ошентип, менин сойкулук жашоом акчанын айынан башталып кетти. Мухиддин мени ээрчитип барып, фотосессия кылып, Жуля деген каймана ат ыйгарды. Кыздык үчүн 100 миң рубль болсо, кийинки бир түндүн акчасы 30-50 миң рублге жетип жатты. Себеби, азиятка болгонум үчүн бир аз бааны көтөрүшүптүр. Тапкан акчамдын 10 пайызын Мухиддин, 30 пайызын сутенёр, калганын өзүм алып жаттым. Акчам кенен болуп калгандыктан акырын чогулта баштадым. Кардарларымдын көбү мага кур кол келбей, ар кандай баалуу белектерди да ала келишчү. Каалагандай кийинип, айтор каалагандай жүрдүм. Жөнөкөй сойкулар бир жумада 50 кардарды тейлешсе, мен 5 жыл ичинде өздөрүн элита деп сезген 50 кардарга кызмат көрсөттүм. Кардарларымдын эң жашы 22 жашта болсо, көбү 40-50 жаштарда, ал эми эң улуусу 70 жаштагы “чоң ата” болду. 5 жылдан кийин менин чогулткан акчам 8 миллион рублге жетти. Ошондо акчамды, баалуу шакек-сөйкөлөрүмдү сейфке катып жүрдүм.

Бир күнү Мухиддин келип, мени абдан сүйө турганын айтып, сойкулукка түрткөнү үчүн кечирим сурады. Ал: “Баш кошолу, баарын кайрадан баштайлы. Мен сенсиз жашай албасымды түшүндүм”- деди. Мен анын бул сөздөрүнө ишенип, айтканына макул болдум. Анын үстүнө сойкулук жашоодон кол үзүп, адамча жашоону ойлонуп баштаган элем. Ошентип, экөөбүз менин кардарларымдан бат эле кол үзүп, башка батирге көчүп келдик. Ал батирде бир жума жашагандан кийин, Мухиддин мен жокто менин сейфимди алып, качып кетти. Мен аны таппай калдым. 5 жылда чогулткан акчамдан бир заматта кол жуудум. Мен аны башка булактардан издедим. Жыйынтыгында Мухиддинди издегендер, ага алданган адамдар көп экенин билдим. Кардарлардын телефон номерлерин бүт өчүргөм. Сутенёрдун да дайынын таппай калдым. Полицияга да билдире албадым. Себеби, менин миллиондорум мыйзамсыз акча эле да. Эмне кыларымды билбей калдым. Кайгырдым, ыйладым, өзүмдү катуу тилдедим. Бирок андан эч пайда чыккан жок. Арам акча адамга жукпасын түшүндүм. Питерден мекениме акчасы жок кайттым. Кыйратып деле билим албадым. Өзүмдү булгап, чоң күнөөгө батып келдим. Эми адамча жашагым келет…

Жазып алган: Жаңыл Айым

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: