Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 24-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында Түркия Республикасынын «Коч» ири өнөр жай холдингинин директору Левент Чакыроглу башында турган компания жетекчилиги менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө алдыда күтүлүп жаткан кызматташтыктын, ошондой эле өлкөнүн ички рыногуна инвестицияларды тартуу келечеги талкууланды.
Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстан жана Түркиянын ишкерлер чөйрөсү ортосунда бекем өнөктөштүк байланыштар орун алган. Премьер-министрдин айтымындаа, өлкөдө иштеп жаткан чет элдик ишкерлердин кыйла бөлүгүн түрк бизнесмендери түзөт.
Тараптар ошондой эле холдигдин жакынкы мезгилге карата инвестициялык пландарын талкуулады.
Жолугушуу соңунда Сапар Исаков жана «Коч» холдингинин жетекчилиги Кыргызстандын ички рыногунун абалын иликтөө үчүн адистерди жөнөтүү тууралуу макулдашты.
Түркиялык тарап белгилегендей, жүргүзүлгөн талдоонун натыйжасында Кыргызстандын рыногуна конкреттүү инвестициялар тууралуу чечимдер кабыл алынат.
«Коч» холдингинин ишмердүүлүк жүргүзгөн негизги тармактарына автоунаа өнөр жайы, турмуш-тиричилик электр техникасын, азык-түлүк продуктуларын өндүрүү, чекене соода, энергетика, финансылык кызмат көрсөтүү, туризм, курулуш жана маалыматтык технологиялар кирет.
«Коч» холдингине кирген компаниялардын үлүшү Түркиянын жалпы улуттук өндүрүшүнүн 10% түзөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ