Соңку убакта «Дөө» баш болгон криминалдык авторитеттер биринин артынан бири түрмөлөрдөн бошоп чыгышып, коомчулуктун үрөйүн учуруп салышты. Өзгөчө бизнесмендер сууга түшкөн чымчыктай эле шүмүрөйгөн образда калышканычы? Албетте, мындай кооптуу көрүнүш президент Сооронбай Жээнбековдун беделине сокку болуп урулууда. Мунун өзү соттордун «жең ичинен пул алган» өзүм билемдик жоругубу? Же бийликтин буюртмасын аткарып атышабы? Айрым маалыматтар боюнча, жазда тышкы күчтөр оппозицияны колдоп, каражат беришери каңкууланууда… Эмне, оппозиция жанданып, эл көтөрүлүп кетпеши үчүн криминалдык элементтерди курал кылышабы? Айтор, суроолор көп. Эмне үчүн тиешелүү бийликтин өкүлдөрү дал ушул суроолорго жооп беришпейт? Бир балээ чыкканы калган жокпу?..
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ